Биз социалдык тармакта

Мирзиёевдин расмий сапарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду (тизме)

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 30-июлда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Алар кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган.

Мамлекет башчылары жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;
  • Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;
  • Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
  • Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
  • Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
  • Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;
  • Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
  • Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан