Биз социалдык тармакта

Ошто 119 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, 30-июлда, Ош шаарында 119 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын 59у «Баатыр эне» ордени, ал эми 60ы «Эне даңкы» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Улукбек Ыктыярбек уулу тапшырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелердин балдарды татыктуу тарбиялоодогу эмгеги, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоодогу орду өзгөчө белгиленип, аларга ыраазычылык жана жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Ошондой эле сыйлык ээлери үчүн Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан концерттик программа уюштурулуп, ар бир энеге мэрия тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Учурда Ош шаарында 695 эне «Баатыр эне» ордени, ал эми 313 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган. Шаардык мэрия көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан