Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб расмий ачылды

Бүгүн, 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө спорт улуттун саламаттыгын чыңдоодо жана мамлекеттин интеллектуалдык, маданий өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы объектилерди курууга жана калктын бардык катмары үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап гольф-клубдун ачылышын өлкөнүн спорттук жана туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары баалап, бул долбоор туруктуу өнүгүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын жыйынтыгы экенин айтты.

Ал ошондой эле Кыргызстандын кооз жаратылышы, айрыкча Ысык-Көлдүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү мындай ири долбоорлорду ишке ашырууга кеңири шарт түзөрүн белгилеп, туризм өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын билдирди.

Садыр Жапаров жаңы гольф-клуб жакынкы келечекте эл аралык мелдештерди өткөрүүчү абройлуу борборлордун бирине айланып, Кыргызстанды дүйнөлүк гольф картасында таанытууга чоң салым кошоруна ишеним билдирди.

Аземдин соңунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери символикалык алгачкы сокку жасап, гольф-резорттун расмий ачылышын жарыялашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан