Израил АКШнын атайын өкүлү Тони Блэрге Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салууга багытталган 15 пункттан турган план боюнча өзүнүн каршы пикирлерин тапшырды. Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсеси билдирүү тараткандыгын чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Израил кандай гана саясий жараян болбосун, анын негизги шарты катары ХАМАС кыймылынын толук куралсыздандырылышын, курал-жарактын Газа тилкесинен чыгарылышын жана аймактын толук демилитаризацияланышын талап кылууда.
Израил бийлигинин билдирүүсүндө талкууланып жаткан 15 пункттан турган документте бул талаптар жетиштүү деңгээлде эске алынбаганы белгиленип, ушул себептен АКШнын атайын өкүлүнө расмий каршы пикирлер берилгени айтылды.
Ошондой эле Израил ХАМАС толук куралсыздандырылып, Газа демилитаризацияланмайынча аскерлерин «сары сызык» деп аталган чек ара тилкесинен чыгарбай турганын билдирди.
Эске салсак, 2025-жылдын 9-октябрында Израил менен ХАМАС Египет, Катар, АКШ жана Түркиянын ортомчулугу менен тынчтык планынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча макулдашкан. Андан кийинки күнү Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирген. Макулдашууга ылайык, Израилдин аскерлери «сары сызыкка» чейин чегинген, бирок аймактын 50 пайыздан ашуун бөлүгүн көзөмөлүндө калтырган.