
Өлкөгө 3,3 миллион сомдук азык-түлүк товарларын мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда жүктүн тиешелүү коштомо товардык документтери жок ташылып баратканы аныкталган. Учурда бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.