Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкө башчы Садыр Жапаровду "Гейдар Алиев" ордени менен сыйлады.
Сыйлык эки лидердин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан жолугушуусунда тапшырылды. Мунун алдында Жапаров кесиптешине I даражадагы "Манас" орденин тапшырган.
Айта кетсек, "Гейдар Алиев" ордени - Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы.