Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдө суу-мотордук спорт UIM F1H2O боюнча Дүйнө чемпиондугунун башталышына катышкан кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
"Бүгүн биз биргеликте Борбор Азия тынчтыктын, өз ара ишенимдин жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр аймак экенин дагы бир жолу далилдедик. Кесиптештериме колдоосу жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирем",- деп жазды президент соцтармактагы баракчасына.
Айта кетсек, Дүйнө биринчилигинин ачылышына Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев катышкан.