Бүгүн, 1-августта Ош шаарындагы Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Алай" менен "Өзгөн" футбол клубдары машыгуу өткөрүштү.
Аталган клубдар эртеңки беттешке карата даярдык кылышты. Командалар Жогорку лигадагы оюндардын алкагында оюн өткөрүшөт.
Айта кетсек, "Алай" клубу өз тарыхында Жогорку лиганы төрт жолу жеңген. Ал эми "Өзгөн" клубу аталган лиганы жеңе элек. Клуб Жогорку лигага былтыр гана кошулган.