Манас шаарында 2 үй өрттөн улам толугу менен күйүп, дагы 5 үйдүн чатыры өрттөнүп, клиниканын бир бөлүгү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин 3 бөлүмү жана "Тазалык" ишканасынын 1 суу ташуучу унаасы тартылды. Ошондой эле коопсуздукту камсыздоо үчүн "Тез жардам" кызматынан 1 экипаж жана Кайгуул милициясынан 2 экипаж тартылган.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.