Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде мушташышкан деген шек менен 28 жаштагы эки жаран кармалды.
Борбор калаа милициясы билдиргендей, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлдү. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.