Биз социалдык тармакта

Чүйдө ооруканага түшкөн өспүрүм боюнча тергөө башталды

Аламүдүн районунда ооруканага түшүп калган 16 жаштагы баланын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 31-июлда "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Өспүрүм Арашан айылындагы көчөдө эс-учун жоготкон абалда табылган.

Дарыгерлер психотроптук затка ууланган деген диагноз коюшкан. Өспүрүм эсине келди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуядан бир аз мурун чогуу жашап жүргөн тааныштары өспүрүмдү таштап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан