Биз социалдык тармакта

Бишкекте унааны сүзүп, айдоочусун сөгүп кетип калган жаран кармалды

Бишкекте унаасы менен башка унааны сүзүп, айдоочусун сөгүп кетип калган делген жаран кармалды.

Кайгуул кызматы кабарлагандай, окуя 29-июлда Аалы Токомбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Шектүү Mitsubishi үлгүсүндөгү унаасы менен Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Бирок ал ошол эле күнү кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө айдоочунун транспорт каражатын башкарууга айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча айдоочуга карата протоколдор түзүлгөн.

Бишкекте унааны сүзүп, айдоочусун сөгүп кетип калган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан