Ноокен районунда болгон окуучулардын массалык мушташы иликтенип жатат

29-январдан 30-январга караган түнү саат 00:30дар чамасында Ноокен районуна караштуу Сары-Сыя айылында 11-класстын окуучулары мушташып кетишкен. Анын кесепетинен айылдагы 3 үйдүн терезеси, 1 үйдүн шифери сынган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, балдардын саны 15-20га жакын болгон. Алар ошол эле түнү элдешип алышкан. Эч ким ооруканага жана милицияга кайрылган эмес. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kaniet
2014-01-31 12:08:13
Бала да, мушташат, жарашат. Эми бечара мугалимдер запкы жешет, ата-энелер жолдо калып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан