Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына жана көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүнө арналган "Мурас-кыймылда" сериясынын экинчи тасмасы жарыяланды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жарыялаган тасмада тыйын эңмей, көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш оюндары көрсөтүлгөн. Буга чейин жарыяланган "Мурас-кыймылда" спорттук сериясынын биринчи ролигинде ордо, салттуу жаа атуу жана салбуурун оюндар
ы камтылган болчу.