Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы "Мурас – кыймылда" сериясынын "Күч" аттуу жыйынтыктоочу ролигин жарыялады.
"Күч" көчмөн элдердин мүнөзүн, кайратын жана салттарын чагылдырат. Анда мас-рестлинг, аркан тартыш, стронгмен күрөш түрлөрү камтылган. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата "Мурас-кыймылда" спорттук сериясынын биринчи жана экинчи роликтери жарыяланган.