Биз социалдык тармакта

Трамп: “АКШ Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөйт”

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсү Ормуз кысыгын толук көзөмөлдөп жатканын жана Иранга каршы деңиз блокадасы макулдашуу түзүлгөнгө, же Тегеран толук багынганга чейин сакталарын билдирди.

Анын айтымында, АКШ уруксат бермейинче Иранга эч нерсе өтпөйт. Ошондой эле Трамп АКШ менен Иран тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштай турганын, ал үчүн Иранга пландалган ири соккуну токтотууга макул болгонун айтты.

Президенттин сөзүнө караганда, болочок келишим Ормуз кысыгын дароо ачууну жана Ирандын өзөктүк коркунучун жоюуну камтышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан