Биз социалдык тармакта

Бишкектеги жол кырсыгында унаа көпүрөдөн кулады

Бишкекте катталган жол кырсыгынан эки айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-августта саат 20:20 чамасында "Карагат" кафесинин жанындагы көпүрөдө болгон. Hyundai Tucson үлгүсүндөгү унаа Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны артынан сүзгөн. Натыйжада, Hyundai Sonata унаасы көпүрөдөн төмөн кулап кеткен.

Кырсыктан эки айдоочу тең ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилишкен. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Учурда жол кырсыгынын бардык жагдайларын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан