Биз социалдык тармакта

Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кызматтан бошотту

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кызматынан бошотту. Бул тууралуу украиналык басылмалар президенттин сайтына таянып билдиришти.

Маалым болгондой, Зеленский Украинанын башка бир нече өлкөдөгү элчилерин да иштен алган. Кызматтан бошотулгандардын тизмеси:
  • Ольга Стефанишина - Украинанын АКШдагы элчиси;
  • Василий Химинец - Австриядагы элчиси;
  • Валерий Евдокимов - Тажикстандагы элчиси;
  • Владимир Хоманец - Тунис жана Ливиядагы элчиси;
  • Екатерина Зеленко - Сингапур жана Брунейдеги элчиси.
Белгилей кетсек, Валерий Жовтенко бул кызматты 2018-жылдын август айынан бери аткарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан