Алайдын Гүлчө шаарындагы мушташка шектелип 7 жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2-августтан 3-августка караган түнү "Кербен" дүкөнүнүн алдында болгон. Жигиттер ортосунда өз ара келишпестиктен улам уруш чыккан.
Шектүү жарандар окуя боюнча эч кимге карата дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.