Биз социалдык тармакта

Балбан Бекзат Алмаз уулу Түркияда алтын медаль тагынды (видео)

Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Түркиянын Кожаэли шаарында уюштурулган Hasan Gemici & Gazanfer Bilge эл аралык эркин күрөш боюнча мелдеште жеңишке жетти.

Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.

57 килограммга чейинки салмакта катышкан спортчу таймашын 1/8 финалдан баштап, Өзбекстан жана Түркиядан келген атаандаштарын жеңип, финалга жолдомо алган.

Алтын медаль үчүн болгон беттеште Бекзат ирандык Яхья Пурсангтарашани Али Мохаммад менен күрөшүп, атаандашын 12:11 эсебинде жеңди.



Бекзат Алмаз уулу Түркияда алтын медаль тагынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан