Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун 50 жаштагы тургуну өз үйүндө курал жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган райондун жашоочусу "маңзат сатуу менен алектенет" деп шектелген. Милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, анын үйүнөн 2 килограмм баңгизаты, кара куурайдан гашиш жасоочу жабдык жана 16 миллиметр калибрлүү мылтыктын документи жок экенин аныкташты.