Франциянын атактуу “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубу Казакстандагы алгачкы расмий футбол академиясын Астана шаарында ачты. Академияга 6 жаштан 14 жашка чейинки 300гө чейин кыздар жана балдар кабыл алынат.
Маалыматка ылайык, окуулар сентябрь айында башталып, жаш футболчулар париждик клубдун расмий методикасы боюнча машыгышат. Машыгууларды атайын даярдыктан өткөн жергиликтүү машыктыруучулар өткөрүп, аларга ПСЖнын адистери жетекчилик кылат.