Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кар көчкүсү бүгүн, 31-январда саат 06:00дөр чамасында түшкөн. Учурда 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, 1 грейдер ишке тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.