Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун музыкалык кечелерге чакырат.
Маалымдалгандай, кечелер 7-8-август күндөрү Ала-Тоо аянтында өтөт. Анда таланттуу ырчылар жана чыгармачыл топтор көрүүчүлөр үчүн өз өнөрлөрүн тартуулашат. Конокторду кызыктуу концерттик программа жана ачык асман алдындагы жайкы майрамдын өзгөчө маанайы күтөт.