Ош ОИИБине караштуу Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана сууга чөгүү учурларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды улантууда.
Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери сууга түшүүгө кооптуу аймактарды кыдырып, коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөшүүдө. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга суу жээктеринде коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү тактайчаларын орнотушту.
Милиция жарандарды кооптуу аймактарда сууга түшпөөгө, балдарды кароосуз калтырбоого жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.