“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасынын ачылыш аземинде ырдоо боюнча  орусиялык “Тату” тобуна сунуш түштү

Орусиялык “Тату” (“t.A.T.u.”)  тобу 7-февралда орун ала турган “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасынын ачылыш аземинде ырдоо сунушун алды. Бул тууралуу аталган топтун мүчөлөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларында жазылган.

Алардын катыша тургандыгы жөнүндө азырынча так маалымат жок. Болгону, топтун мүчөлөрүнүн бири “Олимпиада оюндарынын ачылышында ырдоо тууралуу сунуш киргизишти. Артисттерге туура кайрылуу адебин билишпейт” деген маанидеги жазуу калтырган.

Азырынча Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында ырдай турган ырчынын ысымы аныктала элек. Буга чейин бул оюндарда ырдоону кыялданып келген Григорий Лепс ал кыялынын ишке ашпасын айтып, ырдоодон баш тарткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан