Биз социалдык тармакта

Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен башы кесилген кишинин сөөгү табылды

Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен эркек кишини сөөгү табылды. Бул боюнча Ош облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 7-августта суу сактагычтын жээгинен эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн. Анда маркумдун башы жансыз денеден болжол менен 600 метр аралыкта жаткандыгы аныкталган.

Күбөлөр суралып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда маркумдун аты-жөнү жана анын өлүмүнүн себептери аныкталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-08-08 16:16:00
Тообо эмне деген заман бул, унаа жолдо кырылганыбыз аз келгенсип башы жок ыргытылганы эмнеси?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан