Эртең, 9-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16... +21, күндүз +32... +37;
- Талас жергесинде түнкүсүн +13... +18, күндүз +29... +34;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19... +24, күндүз +32... +37;
- Нарын аймагында түнкүсүн +7... +12, күндүз 27+... +32;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12... +17, күндүз +24... +29;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +18... +20, күндүз +34... +36 градус болот.