Өлкөдө колледждерге абитуриенттерди кабыл алуунун 5-турунда босого балл 80 баллга чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Илим министрлиги билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, адистиктер боюнча конкурска абитуриенттер кошумча предметтик тесттерди эске албастан катыша алышат.
Мындай чечим жарандардын, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде жана колледждерге кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынды.
Абитуриенттерди кабыл алуунун 5-туру 10-августта башталат.