Биз социалдык тармакта

Ормуз кысыгында мунай ташыган танкерден өрт чыкты

Бүгүн Ормуз кысыгынын түштүк бөлүгүндө болжолдуу түрдө мунай ташуучу танкерде өрт чыкты. Бул тууралуу «Свободный Иран» телеканалына таянып, чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, окуя болгон жерге мунай төгүлүшүн жоюу жана өрт өчүрүү үчүн ADNOC ER01 кемеси жөнөтүлгөн.

Өрттүн чыгуу себептери, кеменин техникалык абалы жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар азырынча жок.

Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуучу деңиз жолдорунун бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан