Биз социалдык тармакта

Оштогу Ош көчөсүндө жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Ош көчөсүнүн Манас айланмасынан Раимбеков айланмасына чейинки 3,2 чакырымдык бөлүгүндө жол оңдоо иштери уланууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда 800 метрге жакын тилкеде жолду тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ага 20га жакын атайын техника жана 5 жумушчу бригада тартылып, иштер эки нөөмөттө аткарылууда.

Ошондой эле жолдун астындагы суу түтүктөрү, канализация жана башка инженердик коммуникациялар жаңыланууда.

Долбоорго ылайык, жол 26 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү болот. Жолдун эки тарабына тротуарлар курулуп, жашыл аймактар да түзүлөт.

Жолду оңдоо жана инфраструктураны жаңылоо иштерин жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан