Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан жаңы сейил бакта курулуш жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат.
Учурда сейил бактагы жөө жүрүүчү жолдорго бордюрлар орнотулуп, эс алуу аянтчаларын иретке келтирүү жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жакынкы күндөрү сейил бак шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланып, жаратылыш менен айкалышкан өзгөчө мейкиндик тартуулайт.