Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Бишкектин Октябрь районунун акимин издөөдө.
Ал соцтармактагы баракчасына Көк-Жар конушундагы жарака кеткен тротуар тартылган видеону жарыялап, ал жер кооптуу абалда экенин билдирди. Эл өкүлү ал жердеги жарыктандыруунун жоктугу кооптуулукту ого бетер күчөтөрүн белгиледи.
Дептутат "акимди көргөндөр барбы?" деп жазды.