Биз социалдык тармакта

Сүйрөп түшүп... Ноокатта жүк ташуучу унаанын айдоочусун сабагандар кармалышты

Ноокат районунда жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кол көтөрүшкөн деп 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-июлда Жаңы-Базар айылынын аймагында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу көмүр ташып бара жаткан учурда шектүүлөр аны токтотуп, айыл аймагынан жүк ташуучу унаалар өтпөшү керектигин талап кылышып, айдоочуга карата ээнбаштык аракеттерди жасашкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Жабырлануучунун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан