Кызыл-Кыя шаарында 31 жаштагы жолдошунан токмок жеген 25 жаштагы аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оштун тургуну 10-августта Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө жубайын буту менен тээп, ур-токмокко алган. Факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп, түгөйлөр милицияга жеткирилишкен. Аял киши арыз жазуудан баш тарткан. Алардын үч баласы бар экени такталды.
Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.