Эксперт: “Кумтөр” боюнча жаңы ишкана түзүлсө, капиталдык чыгым 2 эсе көбөйөт. Эмне үчүн экени түшүнүксүз”

Бүгүн, 31-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында коомдук эксперт Турсунбек Күрөңкеев өкмөт сунуштаган меморандумдагы кемчиликтерди айтты. Эксперт жаңы меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деген ойдо.

“Кумтөрдө” 2013-жылга чейин капиталдык чыгымдын суммасы 1 миллиард 321 миллион доллар болсо, жаңы биргелешкен ишкана түзүлсө, 2014-жылдан 2026-жылга чейин капиталдык чыгымга 2 миллиард 216 миллион доллар жумшоо пландалууда. Эмнеге экенин эч ким билбейт”,- деди эксперт.

Жыйында “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган жаңы меморандум каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан