Биз социалдык тармакта

Кыргыз футболунда биринчи трофей үчүн таймаш 19-августта болот

Кыргызстандын футбол боюнча 2026-жылдагы Суперкубогу үчүн оюн 19-августта Бишкекте өтөт. Беттеш "Алга" стадионунда уюштурулат.

Баш байге үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону - Караколдун "Барс" командасы жана Кыргызстандын Кубогунун ээси - "Дордой" футбол клубу күч сынашат.

Бул сезондо эки команда Жогорку лигада бир жолу беттешкен. Анда "Барс" 90+4-мүнөттө жеңиш голун киргизип, "Дордойду" уткан.

Эскерте кетсек, быйылкы Суперкубок 15-жолку мелдеш. Буга чейин "Дордой" кубокту 6 жолу, "Абдыш-Ата" менен "Алай" 3 жолудан, "Нефтчи" 1 жолу уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан