Биз социалдык тармакта

Депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунда эл менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаева 12-августта Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Аксы районунун бир катар айылдарында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алгач эл өкүлү Үч-Коргон айыл аймагындагы Жел-Тийбес-1 жана Жел-Тийбес-2 насостук станцияларында жүргүзүлүп жаткан түтүктөрдү жаңылоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка караганда, жалпы узундугу 2800 метр болгон эки линиянын 2000 метри казылып, 200 метрге жакын темир түтүк орнотулган. Ошондой эле пластик түтүктөр жеткирилип, аларды изоляциялоо иштери жүрүүдө. Дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кошумча 500 метр аралык тазаланган.

Андан соң депутат Дейрес айылынын жашоочулары менен жолугушуп, анда электр энергиясы, сугат жана таза суу маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле Гүлшаркан Култаева Ак-Суу айыл аймагында болуп, Кызыл-Жар 12 – Ак-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшүн көрдү. Ал жооптуу жетекчилерди иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө жана курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Жолугушууларга тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан