Бүгүн, 13-августта Улуу Британияда аптаптуу ысыктан улам медициналык кызматкерлердин айрымдары нөөмөт учурунда эс-учун жоготуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, айрым ооруканалардын бөлүмдөрүндө абанын температурасы +30 градустан ашып кеткен. Кондиционердин жоктугунан кызматкерлердин айрымдарынын башы айланып, катуу алсырап жатканын билдиришкен.
Өзгөчө улгайган жана аялуу бейтаптарга кам көрүп, ошол эле учурда айрым дары-дармектерди салкын жерде сактоого жооп берген кызматкерлер үчүн шарт оор болуп жатканы айтылат.
Медайымдардын падышалык колледжинин башкы катчысы Никола Рейнджер бул көрүнүштөрдү "коңгуроо" катары баалап, ооруканаларга кондиционер орнотууну, желдетүү системин жакшыртууну жана ысык аба ырайына ылайыктуу форма менен камсыз кылууну талап кылды.
Британияда быйыл 30 градустан жогору ысык болгон күндөрдүн саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Бейшембиде Англиянын көпчүлүк аймактарында ысыкка байланыштуу эскертүү күчүнө кирип, абанын температурасы 36 градуска же андан жогору көтөрүлүшү күтүлүүдө.