Биз социалдык тармакта

Персеиддер деп тараган кадрлар ракета калдыктары болуп чыкты (видео)

Кечээ, 12-августта социалдык тармактарда "Персеиддер метеордук агымы" деп тараган видеодогу кадрлар чындыгында 2025-жылдагы ракета калдыктары болуп чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Кадрларда бир нече ири, жарык чачкан фрагменттердин жай жана бири-бирине параллелдүү кыймылдап, артынан узун из калтырганы байкалат. Мындай көрүнүш адаттагы Персеид жылдыздарына мүнөздүү эмес.

Чыныгы Персеиддер - кометанын калдыктарынан турган майда бөлүкчөлөр. Алар атмосферага секундуна болжол менен 60 чакырым ылдамдыкта кирип, асманда кыска убакытка гана жарк этип көрүнөт.

Буга чейин Персеиддердин чыныгы метеордук агымы август айында активдүү болуп, быйыл анын эң жогорку чеги 12-августтан 13-августка караган түнгө туура келери маалымдалган.

Персеиддер деп тараган кадрлар ракета калдыктары болуп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан