Бүгүн, 13-августта Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыздарды кароо башталды.
Иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев фигурант катары өтүүдө.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.