Биз социалдык тармакта

Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаранды издөөгө 90 адам тартылды

Бүгүн, 13-августта Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан жалпысынан 90 адам тартылды. Мындан тышкары, издөө иштерине 3 дрон колдонулууда.

Маалыматка караганда, окуя 10-августта саат 18:00 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылына караштуу Кожешкен жерлигинде болгон.

Издөө иштери Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимовдун жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан