
Муфтияттан маалымдашкандай, 2027-жылдагы ажылык сапарга барууну каалоочуларды каттоо онлайн жүргүзүлөт.
Алар ID-карт паспортун "Ажылык" мамлекеттик санариптик системине жүктөп, 25-августтан тартып алгачкы төлөмдү банк тиркемеси аркылуу төлөп катталуусу зарыл. Төлөм кабыл алуу белгиленген орундар толгонго чейин жүргүзүлөт.
Катталгандар белгиленген мөөнөттө бардык зарыл иш кагаздарын толуктап, системге жүктөөсү зарыл. Быйыл ажылыкка катталуу сом менен жүргүзүлөт.