Биз социалдык тармакта

Чүйдө жасалма документтер аркылуу унааны каттоого аракет кылгандар кармалышты

Чүй облусунда жасалма документтер менен автоунааны мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө аракет кылган төрт адам кармалды.Бул тууралуу бүгүн, 13-августта облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. Belgee X50 үлгүсүндөгү унааны каттоого алып барган. Унаа Казакстандан келген деп көрсөтүлгөн. Бирок документтер текшерилгенде алардын жасалма экени аныкталган.

Тергөөдө унаа буга чейин Орусияда каттоодо турганы жана лизингде болгону белгилүү болгон. Ага тиешелүү каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими жана башка документтер жасалма даярдалганы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Д., 1990-жылы туулган К.К., 2001-жылы туулган К.И. жана 1994-жылы туулган Э.Б. аныкталган.

Учурда тергөө уланууда.

Жасалма документтер аркылуу унааны каттоого аракет кылганлар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан