Биз социалдык тармакта

Манаста аялдар арасында диний экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чара өттү

Кечээ, 12-августта Манас шаарындагы динге ишенген аялдардын өкүлдөрү үчүн алдын алуу багытындагы семинар өткөрүлдү.

УКМКнын маалыматы боюнча, иш-чарада салттуу исламдагы аялдардын укуктары жана коомдогу ролу, билим алуу жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар түшүндүрүлдү.

Катышуучуларга балдарды диний билим алууга мамлекет тарабынан аккредитацияланган окуу жайларга гана берүү сунушталып, жашы жете элек балдарды чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларга жөнөтүүдө этият болуу керектиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан