Ош облусунун Араван районунда Төө-Моюн айыл аймагынын эки жооптуу кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка караганда, алар курулуш конструкциясын бир жер тилкесинен башка жерге көчүрүүгө уруксат берүү маселеси боюнча ири өлчөмдө акча талап кылышкан. 12-августта акча алып жаткан жеринен Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.уулу А., ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар деп Төө-Моюн айыл аймагынын башчысынын орун басары И.М. кармалды.
Бул факт боюнча "Пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө уланып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.