Орусиянын Санкт-Петербург, Красноярск жана Владивосток шаарларында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин бөлүмдөрү ачылууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Аталган бөлүмдөр консулдук милдетти аткарат, тактап айтканда, Орусиядагы мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, аларды тактоо жана паспорттук тейлөө жагынан жардам беришет.
“Кыргызстандыктар юридикалык жардам алууга, документтерин мыйзамдаштырууга жана жоголуп кеткен же мөөнөтү бүткөн паспорттун ордуна жаңысын алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2014-жылга карата Орусияда Кыргызстандын 5 дипломатиялык өкүлчүлүктөрү иштеп келет. Алар:
– Москвадагы КРнын Орусиядагы элчилиги
– Екатеринбургдагы башкы консулдук
– Новосибирскидеги вице-консулдук
– Москва жана Санкт-Петербургдагы консулдуктар.