Мурдагы UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Лекс Фридманга берген маегинде Конор Макгрегор менен болгон беттешин бокстагы легендарлуу кармаштарга салыштырды.
2018-жылы Нурмагомедов Макгрегорду төртүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен жеңген. Бул беттеш аралаш мушташ өнөрүнүн (MMA) тарыхындагы эң көп киреше алып келген кармаштардын бири болгон.
Нурмагомедов 2020-жылдын октябрында спорттогу карьерасын аяктаган. Ал жеңилбеген бойдон 29 жеңиш жана чемпиондук титулун үч жолу коргоо менен спорттон кеткен.
Ал өзүнүн Макгрегор менен болгон кармашын америкалык мушкерлер Мохаммед Али менен Жо Фрейзердин 1970-жылдардагы үч беттешине, ошондой эле америкалык Жо Луис менен германиялык Макс Шмелингдин 1930-жылдардагы эки кармашына салыштырды.
“Эгер бокстагы окшош мисалдарды издесек, эң белгилүү кармаштардын арасынан Фрейзер менен Алинин, ошондой эле Луис менен Шмелингдин беттештерин белгилөөгө болот. Шмелингдин артында Гитлер, ал эми Луистин артында Рузвельт турган. Бул тарыхты билбегендер болсо, мен жакында көрүп чыктым. Бул спорт менен гана чектелбеген нерсе болгон. Алар өз доорунун эң белгилүү эки спортчусу эле жана алардын кармашы спорттун чегинен чыгып кеткен”,- деди Нурмагомедов.
Анын айтымында, Макгрегор менен болгон беттеш да спорттун чегинен чыгып кеткен.
“Мен Конор менен кармашканда да ушундай болгон. Ал беттеш спорттун чегинен чыгып кетти, анткени ошол учурда спорттун бардык түрлөрүнүн өкүлдөрү бул кармашка көз салып турушкан. Мындай беттеш дагы болобу? Албетте, жаңы чемпиондор чыгат, ар дайым атаандашуулар болот. Бирок анын качан болору - убакыттын маселеси”,- деди Нурмагомедов.