Борбор калаада көчө-жол тармагын оңдоо жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштер улантылууда. Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашкандай, учурда төмөнкү көчөлөрдө курулуш иштери аяктады:
- Клинск көчөсү - Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин;
- Левонев көчөсү - Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Алтын-Ордо конушу, Кадырбай-Ата көчөсүнөн Кадыр-Ата көчөсүнө чейин;
- Мессарош көчөсү - Профсоюзная көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин;
- Аска-Таш көчөсү - Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- Аталышы жок көчө - Архитектурная көчөсүнөн Чүй көчөсү, 16 дарегине чейин;
- Москва көчөсү - Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
- Широкая көчөсү - Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейин;
- Жибек жолу проспекти - Курманжан датка көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейин;
- 7-кичи район - №16 а/3 үйдөн №16 а үйгө чейин;
- Көк-Жар кичи району - №22/4 үйдөн №23/2 үйгө чейин.