
Чүй облусунда милициянын кайгуул-күзөт бөлүгүнүн кызматкерине анын кесиптеши тарабынан денесине залал келтирилген.
Облус милициясынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын бардык жагдайлары жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Эгер кызматкердин күнөөсү далилденсе, анын кызмат ордуна же атайын наамына карабастан, мыйзам чегинде катуу чара көрүлөт.